Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган аскердик кармаш уруш боюнча республикалык чемпионат өттү
17-19-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Газпром – балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде Кыргыз Республикасынын милициясынын биринчи генерал-майору Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган күч түзүмдөрүнүн арасында аскердик кармаш уруш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
Чемпионаттын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин ардагерлери, ИИМ академиясынын жетекчилиги, Э. Алиев атындагы фонддун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле Аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык федерациянын биринчи вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Аскердик кармаш уруш жана өзүн-өзү коргоо федерациясынын президенти Нурлан Байкулов, Кыргыз Республикасынын Аскердик кармаш уруш жана өзүн-өзү коргоо федерациясынын биринчи вице-президенти Бектурхан Жукеев катышты.
Мелдешке ведомстволордон жана күч түзүмдөрүнөн 200дөн ашуун спортсмен катышып, күч сынашты.
Жалпы командалык эсепте төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылды:
I орун – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Скорпион” командасы;
II орун – Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясы;
III орун – Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы.
Турнир спорттук регламенттерди жана аскердик боордоштуктун духун так сактоо менен өттү.
