Кыргызстандык спортчулар Огайодо өткөн мелдеште 7 алтын медаль жеңди
7 март

Кыргызстандык спортчулар Огайодо өткөн мелдеште 7 алтын медаль жеңди

Кыргызстандын самбо жана таяк тартыш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Огайо штатындагы Колумбус шаарында өткөн “Arnold Classic 2025” мелдешинде 9 медаль жеңди. Анын жетөө алтын, бирөө күмүш жана бирөө коло. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. 

Мелдеш 28-февралда башталып, 1-мартта жыйынтыкталды.

Таяк тартыш боюнча:

  • 1-орун 90 кг Азамат Асаналиев;
  • 1-орун 80 кг Феликс Уланбеков;
  • 1-орун (абсолюттук салмак) Элза Адбыкадырова;
  • 2-орун 80 кг 2 Арген Кыдырганов;
  • 3-орун 80 кг 3 Таалай Жоомарт уулу;

Самбо боюнча:

  • 1-орун 98 кг Нурсултан Уланов;
  • 1-орун 88 кг Феликс Уланбеков;
  • 1-орун (абсолюттук салмак) Марлен Оморадиев;
  • 1-орун 59 кг Самара Абдумалик кызы.