Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
22 ноябрь
Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан 21 жашка чейинки спортсмендер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди.
Ал мелдеште 90 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, Литва, Италия, Украина, Египет жана Грузиянын спортсмендерин жеңип, финалга чыкты.
Чечүүчү беттеште түркиялык дзюдочу менен күч сынашып, дүйнө чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи медаль болду. Буга чейин кыз-келиндер арасында 57 кг чейинки салмак ченинде Жанар Жолдошева күмүш медаль жеңген.
