2030-жылга чейин чакан жана орто ишкердиктин (ЧОИ) ИДПдагы үлүшү кеминде 50 пайызга жетиши керек
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын башчысы Аким Насиров 2030-жылга чейин чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү программасын тааныштырды. Презентация Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумунун биринчи жыйынында өткөрүлдү.
Аким Насиров белгилегендей, программа бизнести колдоонун бирдиктүү, ачык жана жеткиликтүү системасын түзүүгө багытталган. Ал жөнгө салуучу чөйрөнү жакшыртууну, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү, колдоо институттарынын ишин координациялоону жана санариптик сервистерди киргизүүнү карайт.
Аким Насиров белгилегендей, программанын негизин сектордун экономикалык көрсөткүчтөрүн талдоо, колдонуудагы мамлекеттик колдоо чараларын баалоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана өлкөнүн аймактарындагы ишкерлер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары түзгөн. Изилдөөнүн жүрүшүндө ЧОИнин өнүгүшүнө тоскоол болгон негизги факторлор аныкталган. Алар: жеткиликтүү колдоо чаралары тууралуу маалыматтын жетишсиздиги, кредиттердин жогорку наркы, административдик жүктөм, квалификациялуу кадрлардын тартыштыгы жана сатуу рынокторун кеңейтүүдөгү кыйынчылыктар.
Ал келтирген маалыматтарга ылайык, респонденттердин 39%ы өздөрүн укуктук жактан толугу менен корголбогон деп эсептешет, дагы 44,1%ы укуктук корголушун жарым-жартылай деп баалашат. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 57,7%ы бизнести өнүктүрүү боюнча идеялары бар экенин, бирок аларды жазуу жүзүндө стратегия катары тариздебегенин билдиришкен. Бул жыйынтыктар ишкерлердин укуктук корголушун күчөтүү жана алардын башкаруучулук компетенцияларын өнүктүрүү зарылдыгын көрсөтөт.
Аныкталган тоскоолдуктарды жоюу максатында Программа бир нече багыт боюнча өз ара байланышкан чараларды камтыйт.
Жөнгө салуу чөйрөсүндө Бизнес-акыйкатчы институтун күчөтүү жана ишкерлердин укуктарын ыкчам коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландаштырылууда. Ошондой эле тобокелдикке багытталган көзөмөлдү киргизүү, чакан жана орто ишкердиктин ак ниет субъекттерине карата пландуу текшерүүлөрдү кыскартуу, эскирген административдик ченемдерди кайра карап чыгуу, лицензиялануучу ишмердиктин түрлөрүн кыскартуу жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү каралган. Жөнгө салуучу таасирди баалоого бизнес-коомчулуктун катышуусу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо баскычында негизсиз тоскоолдуктарды аныктоого жана жоюуга мүмкүндүк берет.
Аким Насиров түшүндүргөндөй, негизги каржылык инструменттердин бири болуп ЧОИни каржылоонун Сом фонду саналат. Улуттук валютада узак мөөнөттүү ресурстарды берүү карыз алууга байланыштуу валюталык тобокелдиктерди жоюуга багытталган. Муну менен катар артыкчылыктуу тармактар үчүн пайыздык чендерди конкурстук негизде субсидиялоо, «Кепилдик фонду» ААК аркылуу портфелдик кепилдиктерди кеңейтүү, жабдууларды лизингге берүү, факторинг жана исламдык каржылоону өнүктүрүү каралган.
Презентацияда мамлекеттик органдарды, финансылык институттарды, өнүктүрүү институттарын жана эл аралык өнөктөштөрдү бириктирген Консорциумдун ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Баяндамачынын айтымында, анын негизги милдети — каржылык жана каржылык эмес колдоо чараларынын өз ара шайкештигин камсыз кылуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды жана өнөктөштөрдүн ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Бул мүмкүнчүлүктөргө жетүүнүн бирдиктүү борбору болуп санариптик МСП Хаб кызмат кылат. Платформа аркылуу ишкерлер арыздарды тапшырып, алардын каралуу жүрүшүнө көз салып, консультацияларды алып жана окуудан өтө алышат. Ошондой эле экспорттук акселерация программаларына, продукцияны стандартташтырууга көмөк көрсөтүү кызматтарына жана маркетплейстерге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Программада агроөнөр жай комплекси, жеңил өнөр жай, туризм, креативдүү индустриялар, логистика жана соода тармактарында аймактык жана тармактык кластерлерди өнүктүрүү каралган. 2030-жылга чейин жергиликтүү кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү, инфраструктура менен камсыз кылуу жана биргелешкен аймактык демилгелерди кошо каржылоо аркылуу кеминде он туруктуу кластерди түзүү пландаштырылууда.
Аким Насиров ошондой эле Программада каралган аялдардын, жаштардын жана социалдык багыттагы ишкердикти колдоо чараларын белгиледи. Алар максаттуу кредиттик линияларды, жеңилдетилген пайыздык чендерди, атайын кепилдик продуктуларын, окутууну жана насаатчылык колдоону камтыйт. Санариптик сервистер алыскы аймактардагы ишкерлер үчүн мамлекеттик колдоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө тийиш.
Презентацияда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, 2030-жылга чейин Программаны каржылоонун болжолдуу жалпы көлөмү 800–900 млн АКШ долларын түзөт. Каражаттарды мамлекеттик бюджеттен, эл аралык өнөктөштөрдөн, карыздык жана жеке ресурстардан, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тартуу болжолдонууда.
Күтүлүп жаткан натыйжалар тууралуу сөз кылып жатып, Аким Насиров негизги максаттуу көрсөткүчтөрдү белгиледи: ЧОИнин дүң кошумча наркынын ИДПдагы үлүшүн кеминде 50%га, ал эми бул сектордо иштегендердин үлүшүн эмгекке жарамдуу калктын 60%ына чейин жеткирүү. Ошондой эле ЧОИ продукциясынын экспортун 25%га көбөйтүү жана бизнести санариптештирүү деңгээлин 50%га жогорулатуу максаттары коюлган.
