Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду
Ош мэриясы
21 ноябрь

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

Ош шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында бүгүн калаанын бир катар аймактарына жалпы 2150 түп павловния көчөтү тигилди. Саамалыкка мэр Жанарбек Акаев, анын орун басары Эрнис Толтоев жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери катышты.

Көчөт отургузуу иштери И. Раззаков көчөсүндөгү мурдагы көрүстөндүн ордунан (Гүлкайыр тилкеси) башталып, 150 түп павловния эгилди. Негизги иштер Көкүм бий көчөсүндө уланып, "Жаннат" мейманканасынан Унаа базарына чейинки жол жээгине 1000 түп көчөт тигилди.

Мындан тышкары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына дагы 1000 түп павловния отургузулду.

Шаарды көрктөндүрүү иштери мындан ары да уланат.