Ала-Арча дарыясынын жээгинде заманбап сейилдөө аймагын куруу иштери уланууда
Ала-Арча дарыясынын жээгинде заманбап сейилдөө аймагын куруу иштери улантылууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Долбоордун биринчи этабы А. Токомбаев көчөсүнөн Дүйшеев көчөсүнө чейинки Малдыбаев көчөсүнүн бөлүгүн камтыйт.
Учурда Бишкек шаарынын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы тарабынан сейилдөө аймагынын алдын ала концепциясы иштелип чыгууда.
Бүгүнкү күнгө карата узундугу 1 000 метрди түзгөн тосмо курулуп, аймакка кум-шагыл аралашмасы төшөлдү. Ошондой эле жерди тегиздөө жана пландоо иштери аткарылды.
Жусуп Абдрахманов көчөсү тараптагы кургак канал аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу дээрлик аяктады. Ал эми сейилдөө аймагынын жээгин тосуу үчүн керектелүүчү темир конструкциялардын 90 пайызы даярдалды.
Учурда аймакты асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, темир тосмолорду орнотуу пландалууда.
Долбоор толук ишке ашкандан кийин Ала-Арча дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн сейилдеп, эс алууга ыңгайлуу заманбап коомдук мейкиндик түзүлөт.
