Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда
Курулуш министрлиги
21 ноябрь

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулары бар балдардын ата-энелери үчүн пансион куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун негизги максаты — балдары аталган борбордо дарыланып жаткан ата-энелер үчүн жашоого жана эс алууга ылайыктуу шарттарды түзүү.

Жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзгөн пансион 70 орунга ылайыкталган. Долбоордо 14 эки кишилик номер, намазкана, 4 кызматтык кабинет, конференц-зал, спорт зал, ашкана, кир жуучу жайлар, санитардык бөлмөлөр, кампалар жана башка кошумча жайлар каралган.

Объект Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып, Президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.

Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата долбоордун А блогунда плита жабуу, Б блогунда  мамычаларды орнотуу, ал эми В блогунда плиталарды бетондоо иштери бүттү.