Ошто коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары талкууланды
Ош мэриясы
21 ноябрь

Ошто коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары талкууланды

Ош шаарында күн мурун, 20-ноябрда укук бузуулардын алдын алуу, экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы аракеттенүү жана коомдук туруктуулукту чыңдоо маселелерине арналган тегерек стол өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин демилгеси менен уюштурулуп, жыйындын жүрүшүн комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков алып барды.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Ниязов, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилери, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдо аймактагы криминогендик абал, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы талкууланды.

Бул багытта УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын, ошондой эле прокуратура органдарынын жетекчилери баяндамаларды жасап, жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугу, жаштар арасындагы тартип жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери көтөрүлдү. Катышуучулар укук бузуулардын алдын алууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү коомчулуктун өз ара кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын билдиришти.

Жыйынтыгында айтылган сунуштардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен ишти күчөтүү милдеттери белгиленди.