Кыргызстандык кинорежиссёр Артык Сүйүндүков АКШда эл аралык «Ак Илбирс» сыйлыгын алды
Маданият министрлиги
21 ноябрь

Кыргызстандык кинорежиссёр Артык Сүйүндүков АКШда эл аралык «Ак Илбирс» сыйлыгын алды

Кыргызстандык белгилүү кинорежиссёр, сценарист, актёр жана педагог Артык Сүйүндүков АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн «Дүйнөлүк Азия кино фестивалында» (Asian World Film Festival) кино өнөрүндөгү жетишкендиктери үчүн эл аралык «Ак Илбирс» атайын сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Фестиваль 2026-жылдын 12-19-ноябрь күндөрү өткөрүлүп, анда Азия өлкөлөрүнүн кинематография тармагындагы көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы жана жетишкендиктери белгиленди.

Артык Сүйүндүков, режиссёр катары «Шамбала», «Кошокчу», Болот Шамшиев менен биргеликте тарткан «Эл арасында», «Жолдор кесилишкенде» жана башка тасмаларды жараткан. Ошондой эле актёр катары «Көл» жана «Кумар» тасмаларында роль аткарган.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде педагогикалык ишмердүүлүк жүргүзүп, көптөгөн жаш режиссёрлорду тарбиялап, кыргыз киносунун келечектеги муунун даярдоого салым кошкон.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында өткөн кинопремиясында Артык Сүйүндүков кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Кызыл алма» улуттук кино сыйлыгына да татыктуу болгон.