Бишкек милициясы куралга окшош буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана колдонулушуна каршы чараларды күчөтөт
21 ноябрь

Бишкек милициясы куралга окшош буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана колдонулушуна каршы чараларды күчөтөт

Акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында сырткы көрүнүшү боюнча ок атуучу куралга окшош буюмдарды, үн чыгаруучу түзүлүштөрдү жана кыйратуучу таасири чектелген куралдарды колдонуу менен коомдук жайларда бейбаштык кылуу, жарандарды коркутуу жана каракчылык сыяктуу укук бузуулар орун алууда.

Мындай буюмдар сырткы көрүнүшү боюнча чыныгы ок атуучу куралдан дээрлик айырмаланбагандыктан, коомдук коопсуздукка, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Айрыкча мындай каражаттардын жашы жете электердин колуна түшүп калуу коркунучу тынчсызданууну жаратууда.

Белгилей кетсек, учурда конструкциялык жактан ок атуучу куралга окшош буюмдар, үн чыгаруучу түзүлүштөр жана кыйратуучу таасири чектелген куралдар соода борборлорунда, базарларда, атайын дүкөндөрдө, ошондой эле интернет тармагында — маркетплейстерде, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде сатылып жаткан учурлар кездешүүдө.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын милициясы аталган буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу, аларды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоо, ошондой эле коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында тиешелүү чараларды көрөт.

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды коомдук жайларда куралга окшош буюмдарды колдонбоого, аларды жашы жете электердин колуна бербөөгө жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.