Илим, укук жана технологиялардын кесилишинде: соттук эксперттер эл аралык конференцияда чыгып сүйлөштү
21 ноябрь

Илим, укук жана технологиялардын кесилишинде: соттук эксперттер эл аралык конференцияда чыгып сүйлөштү

КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын өкүлдөрү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн «Кылмыш процесси жана соттук экспертиза: санариптештирүү доорундагы өз ара аракеттенүү маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.

Илимий форум Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана Азербайжандын алдыңкы окумуштууларын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн жана тажрыйбалуу юристтерин бириктирди. Талкуунун негизги темасы санариптик технологиялардын кылмыш процессин жана соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө тийгизген таасири болду.

Пленардык отурумда Баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар башкармалыгынын башчысы Жанарбек Мамытов жана Документтердин техникалык экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Тилек Самудинов куттуктоо сөзү менен чыгышты.

Конференцияга ошондой эле Кол жазма экспертизалар башкармалыгынын башчысынын орун басары Мерлан Адылбеков жана Компьютердик-техникалык жана фоноскопиялык экспертизалар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Канымет Молдоташов катышышты. Соттук-эксперттик кызматтын өкүлдөрүнүн баяндамалары өзгөчө көңүл бурду. Жанарбек Мамытов сот өндүрүшүндөгү соттук эксперттин укуктук статусу темасын сунуштады.

Ал эми Баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар башкармалыгынын алдыңкы эксперти Михелина Исмаилханова кылмыш процессинин катышуучусу катары эксперттин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кепилдиктери, ошондой эле жасалма интеллектти колдонуунун процессуалдык аспектилери боюнча баяндама жасады.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Санариптик далилдерди жана жасалма интеллект технологияларын колдонуудан баштап, компьютердик-техникалык экспертизанын өзгөчөлүктөрүнө, санариптик издерди аныктоого жана эксперттик корутундулардын аныктыгын камсыз кылууга чейинки маселелер каралды. Соттук эксперттин процессуалдык көз карандысыздыгы жана эксперттик мекемелердин кылмыш-жаза сот өндүрүшү органдары менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Конференциянын иши кылмыш-жаза процессин санариптештирүүгө жана заманбап технологиялык чакырыктардын шартында соттук экспертизаны өнүктүрүүгө арналган эки тематикалык секцияда уланды. Талкууларга окумуштуулар жана адистер гана эмес, юридикалык багыттагы студенттер да катышты.