Нөл цикл: Курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулуп, 200 000 сом айып пул салынды
Курулуш министрлиги тарабынан объектилердеги мыйзам талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Бишкек шаарындагы Мичурин көчөсү 163 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу текшерилди.
Текшерүүдө үч блоктон турган объекттин жер алдындагы эки кабатынын (–2-деңгээл) курулушу толук аяктай электе батирлерди сатуу жана жарнамалоо иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды.
Белгиленген тартипке ылайык, нөл циклинин талаптары аткарылып, пайдубал жана жер алдындагы курулуш иштери аяктаганга чейин турак жайларды сатууга жана үлүштүк курулушка каражат тартууга жол берилбейт.
Натыйжада “Моналит Строй” ЖЧКсына 200 000 сом айып пул салынып, мыйзам талаптары аткарылганга чейин компаниянын лицензиясы жана курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Департамент курулуш компанияларын мыйзам талаптарын жана белгиленген ченемдерди так сактоого чакырат.
