Республикалык айтыштын финалына 12 акын өттү
Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун 25 жылдыгына, Мамбетимин уулу Казыбек казалчынын 125 жылдыгына жана Байсейит уулу Эшманбет акындын 160 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру жыйынтыкталды.
Тандоо турунун жыйынтыгында финалдык бөлүккө 12 акын жолдомо алды. Алар:
1. Баян Акматов — 80 упай
2. Чыңгызхан Кожошов — 80 упай
3. Турат Жумаев — 80 упай
4. Акматбек Султан уулу — 80 упай
5. Болот Назаров — 80 упай
6. Шайлообек Отунчиев — 80 упай
7. Элмирбек Иманалиев — 80 упай
8. Темирбек Матыбаев — 80 упай
9. Кубат Тукешов — 79 упай
10. Жамайка Токонова — 79 упай
11. Тынчтыкбек Эсенбай уулу — 78 упай
12. Мамелбек Исраилов — 77 упай
Айтыштын финалдык бөлүгү 26-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чара саат 18:00дө башталат.
Финалдык айтыштын байге фонду 1 миллион 500 миң сомду түзөт.
