Улуттук банктын төрагасы коммерциялык банктар менен банк секторун өнүктүрүү маселесин талкуулады
видеодон алынган кадр
20 ноябрь

Улуттук банктын төрагасы коммерциялык банктар менен банк секторун өнүктүрүү маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк секторундагы учурдагы кырдаалды, аны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин карашты.

Ошондой эле катышуучулар өз ара кызыгууну жараткан маселелер боюнча пикир алмашып, кызматташтыкты бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын банк тутумун өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.