Ош ОИИБ: Алайда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды
2026-жылдын 21-ноябрында саат 12:00 чамасында Алай РИИБге денесинен алган жаракаттарынан улам каза болгон жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ош ОИИБдин жана Алай РИИБдин жетекчилери, ошондой эле ыкчам-тергөө топтору чыгышкан.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2026-жылдын 20-ноябрынан 21-ноябрына караган түнү Алай районунун аймагында 1989-жылы туулган М.Б. аттуу жаран үйүндө мас абалында жубайы, 1990-жылы туулган К.А. менен пикир келишпестиктен улам уруша кеткен. Натыйжада аялын муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралып, ар тараптуу тергөө амалдары улантылууда.
Белгилей кетсек, жубайлар буга чейин өз ара пикир келишпестиктер боюнча ички иштер органдарына кайрылышкан эмес.
