Ош шаарында жаңы футбол аянтчасы ачылды
www
17 июль

Ош шаарында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Жапалак айыл аймагынын Орке айылында жаңы мини футбол аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилди.

Мэриядан кабарлашкандай, ал республикалык казынадан каржыланып, курулуп баштаган.

Ачылышка карата тургундардын катышуусунда спорттук турнир уюштурулду. Ага Ош шаардык кеңешинин Төрагасы Болот Баетов, ЖК депутаты Алтынбек Кудайбердиев жана шаар тургундары катышты.

Мелдеш жогорку маанайда өтүп, катышуучулар футбол боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга грамоталар жана баалуу байгелер тапшырылды.