президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
27 апрель
Кара-Суу районунда жаңы заманбап спорт зал ачылды
Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылында бүгүн, 28-апрелде Дадан Султанов атындагы негизги мектебинин спорттук залы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев жана жергиликүү тургундар катышты.
Спорт зал айыл элинин, айрыкча окуучулардын суроо талабы боюнча калктын ден соолугун чыңдоо, алардын сергек жашоосу үчүн кам көрүү максатында республикалык бюджеттин эсебинен сметалык баасы 22 млн 750 миң сом акча каражатына курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
