Кыргызстандык парадзюдочулар дүйнө чемпионатынан кайтып келди
Күн мурун дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спортчуларды "Манас" эл аралык аэрпортунан Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, федерация өкүлөрдөрү жана туугандары тосуп алды.
Эске салсак, 46 кг чейинки салмакта Фердауза Убарикова күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле 52 кг чейинки салмак категориясында Айбийке Уланбек кызы 3-орунду ээледи.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдына мелдешке катышты.
