Бишкекте хоккей боюнча КР чемпионатынын биринчи этабы өтөт
18 март

Бишкекте хоккей боюнча КР чемпионатынын биринчи этабы өтөт

Бишкекте хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи этабы өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. 

Оюндар 19-23-март күндөрү «Бишкек Арена» муз аятчасында өтөт. Ага «Дордой», «Байзак Баатыр», «Нарын», «Алга» жана «КТЖ» командалары катышат. 

Жеңүүчүлөргө «Жаштык» дирекциясы тарабынан  тиешелүү даражадагы диплом, кубок жана медалдар тапышырылат. 

Эске салсак, чемпионаттын экинчи этабы майда өтөт.