U-23 Дүйнө чемпионаты: Нурзат Нуртаева 72 кг салмак категориясында дүйнө чемпиону болду
24 октябрь

U-23 Дүйнө чемпионаты: Нурзат Нуртаева 72 кг салмак категориясында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 72 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдык айлампадан баштаган.

Алгач Германиялык балбанды утуп, андан соң чейрек финалда россиялык атаандашын жеңген.

Жарым финалда Нурзат чоңдор арасындагы 2024-жылдагы Азия чемпионун – япониялык спортчуну – 6:3 эсебинде жеңди.

Ал эми алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу 2024-жылдагы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону, АКШнын спортчусу Джасмин Долорес Робинсон менен таймашты.

Биринчи бөлүктө Нурзат Нуртаева 1:0 эсебинде алдыга чыккан, бирок экинчи бөлүктө 3:10 эсебинде утулуп жаткан. Ага карабастан, беттештин соңуна чейин күрөшүп, жыйынтыгында атаандашын 11:10 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду.

Муну менен Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпиону наамын алган экинчи кыргызстандык балбан кыз болду. Биринчиси 2021-жылы Айпери Медет кызы болгон.