Ош шаарынын спортчусу кикбокс боюнча үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды
19 октябрь

Ош шаарынын спортчусу кикбокс боюнча үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды

Ош шаарынын тургуну Аброр Хакимов кикбокс боюнча үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды. 

Биринчилик 8-13-октябрь күндөрү Камбоджанын Пномпень шаарында өткөн. Ага 25 өлкөндөн 420 спортчу катышкан. 

Хакимов мелдешке 71 кг салмакта катышып, Казакстандын мушкерин 2/1 эсебинде жеңип, үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды.