Кыргызстандык спортчу АКШда өткөн мелдеште алтын медаль тагынды
Кыргызстандын грепплинг боюнча курама командасынын мүчөсү Нурислам Жоромырзаев THE 2025 CHICAGO SPRING GAMES мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында өткөн.
Спортчу +90 кг чейинки салмакта катышкан. Канадалык жана америкалык атаандаштарын утуп, финалдык беттеште пакистандык атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, мелдештин жеңүүчүсу аталды.
Жетишкен ийгиликтери:
2021-жылы: Грепплинг (NAGA) боюнчаЧүй облусунун чемпиону;
2022-жылы: Грепплинг (UWW) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2022-жылы: Грепплинг (NAGA) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2023-жылы: Джиу-джитсу боюнча боюнча Чүй облусунун чемпиону;
2023-жылы: Комбат джиу-джитсу боюнча (GI жана NO GI) Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2024-жылы: Грепплинг ADCC боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2024-жылы: Джиу-джитсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.
