
Ош шаарынын күнүнө карата авто-мото фестивалы өттү
Ош Мамлекеттик университетинин “Ак-Буура” кампусунда (студенттер шаарчасында) Ош шаарынын күнүнө карата Osh motors авто-мото фестивалы болуп өттү.
Фестивалдын алкагында жаңы, заманбап жана ретро үлгүсүндөгү унаалардын көргөзмөсү өтүп, Өзбекстандан, Бишкектен келген жана Оштун авто-мото сүйүүчүлөрү тарабынан экстрималдык ыкма менен унаа, мотоциклди башкаруу көндүмдөрү көрсөтүлдү.
Ошондой эле, авто-мото сүйүүчүлөрдүн жогорку ылдамдыктагы “Дрифт” жарышмасы орун алды.
Соңунда иш-чарага активдүү катышкандарга Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар жана белектер тапшырылды.