Казыбек Молдажиев Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжине салтанаттуу линейкасы катышты
12-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжине барып, капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
Казыбек Молдажиев салтанаттуу линейкага катышып, тарбиялануучуларга талыкпаган эмгек менен чоң жеңиштерди багындыруусуна ишеним артып, ийгилик каалады.
Ошондой эле Спорт агенттигинин жетекчиси колледждин жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып, машыгуу залдарын, спорт залын, жыйындар залын жана медициналык бөлмөлөрдү кыдырып чыкты.
Спорттук колледждин ээлеген аянты 7,6 гектарды түзөт, анын аймагында окуу корпусу, ашкана, 2 спорт комплекси, жабык бассейн, гимнастика залы, күрөш залдары, эки футбол аянтчасы, 2 жатакана жайгашкан.
Окуу жайда грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, бокс, оор атлетика, жеңил атлетика, дзюдо жана футбол боюнча спортсмендер даярдалат.
Колледж 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Н. Крупская атындагы спорт адистиги боюнча республикалык жалпы билим берүүчү спорттук мектеп-интернат (РОШИСП) катары түзүлгөн. 2000-жылы окуу жайга Шералы Сыдыковдун ысымы ыйгарылган.
