Кыргызстандык тайбоксчулар Таиланддагы дүйнө чемпионатынан байгелүү кайтты 
25 сентябрь

Кыргызстандык тайбоксчулар Таиланддагы дүйнө чемпионатынан байгелүү кайтты 

Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатынан эки коло медаль менен кайтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. 

Чемпионат Таиланддын Бангкок шаарында өткөн.

Коло медаль ээлери: 

  • балдар арасында Рамис Масловец (42 кг чейин);
  • кыздар арасында Милана Шихшабекова (51 кг чейин).

Курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.