Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары дайындалды
Күн мурун, 8-декабрда Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиевдин буйругу менен Улукбек Карачолоков Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.
Арсен Эралиев улуттук курама команданын улук машыктыруучусу, ал эми U23 командасынын улук машыктыруучусу болуп Руслан Царев дайындалды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №776 токтомуна ылайык, улуттук курама командалардын башкы жана улук машыктыруучулары Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору тарабынан конкурс аркылуу тандалып дайындалат.
