Эми ОшМУнун футболчулары «Манас» стадионунда машыгат
19 сентябрь

Эми ОшМУнун футболчулары «Манас» стадионунда машыгат

Кара-Суу шаарындагы жаңыдан реконструкциядан өткөн «Манас» стадиону «ОшМУ» футбол клубуна убактылуу пайдаланууга берилди.

Аталган окуу жайдан кабарлашкандай, эми клубдун өз тааласындагы оюндары, окуу-машыгуулары ошол жерде өтөт.

18-сентябрда стадиондун ачылыш аземи болду.

Оңдоп-түзөө иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлгөн.

Мында толук жабдуулар алмаштырылып, трибуналар орнотулуп, өзбекстандык адистер өстүргөн табигый чөп төшөлгөн. Ошондой эле автоматтык сугаруу системасы коюлган. Стадион 5000 орунга ылайыкташкан.

26-сентябрда окуу жайдын «ОшМУ» футбол клубу Бишкектин АзияГОЛ футбол клубу менен оюн өткөрөт. 

Ал эми жакынкы убакытта ОшМУнун өзүнүн стадионун курулуш иштери башталат. Учурда долбоор даярдалып бүткөн.