Бишкекте Медицина кызматкеринин күнүнө арналган салттууреспубликалык турнир болуп өттү
30 июнь

Бишкекте Медицина кызматкеринин күнүнө арналган салттууреспубликалык турнир болуп өттү

2025-жылдын 29-июнунда саламаттык сактоо уюмдарынын арасында КыргызРеспубликасынын Медицина кызматкеринин күнүнө арналган республикалык турнир уюштурулду. Мини-футбол жана волейбол боюнча мелдештер И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын спорттук аянтчаларында өткөрүлдү.

Турнирге Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын областтарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген, ошондой эле милдеттүү медициналыккамсыздандыруу фондунун мини-футбол боюнча эркектер командалары жана волейбол боюнча аялдар командалары катышты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча:

Мини-футбол боюнча:

  • Жалал-Абад облусу – 1-орун
  • Бишкек шаары – 2-орун
  • Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК Фондунун командасы – 3-орун

Ал эми кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча:

  • Ош облусу – 1-орун
  • Нарын облусу – 2-орун
  • Бишкек шаары – 3-орун

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, грамота жана акчалай байгелер менен сыйланышты. Иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Саламаттык сактоокызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети менен биргеликте уюштурулду. Өткөн жылы турнир Ысык-Көл көлүнүн жээгинде өткөн жана катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыктуу болгон. Ушул жылы спорттук окуя кайраданбүт өлкөнүн медицина кызматкерлерин – бул жолу борбор калаада бириктирди. Турнир ден соолук кыймыл-аракеттен башталаары, ал эми командалык кайрат –спорттун эле эмес, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын ажырагыс бөлүгүэкендиги тууралуу көрүнүктүү эскертүү болду. Ал ошондой эле сергек жашоо мүнөзүн илгерилетүү, профсоюздук кыймылды популярдуу кылуу жана Кыргызстандафутзал жана волейболду өнүктүрүү үчүн аянтча дагы болуп калды.