Бишкекте кикбоксинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана биринчилиги башталды
Бүгүн, 15-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы биринчилиги жана чоңдор арасындагы чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Салтанаттуу ачылыш аземде спортчулардын парады өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, кикбоксинг федерациясынын өкүлдөрү, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.
Беттешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 307 спортсмен катышып жатат. Мелдештер 18-апрелге чейин уланат.
