Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына спорттун 42 түрү кирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
1 сентябрь

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына спорттун 42 түрү кирди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) спорттук программасына спорттун 42 түрү кирди. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсүмбеков «Sputnik Кыргызстан» агенттигинин басма сөз борборунда өткөн брифингде билдирди.

2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өткөрүлгөн. Быйылкы оюндардын программасы дагы беш спорттук дисциплина менен толукталды.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, жаңы дисциплиналардын катарына ат үстүндөгү «Тыйын эңмей» мелдеши, көк бөрү эмес, кокпар, стронгмен жана бурят элинин омуртка сөөктү чабуу боюнча улуттук оюну кирди.

Жалпысынан спорттук программага 3 миң катышуучу катталган.