Байге фонду 600 миң сом. Нарында кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Нарын облсуна караштуу Ат-Башы районунда кыргыз күрөш боюнча “Хан Кошой эл аралык мелдеши өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, мелдештин балпы байге фонду 600 миң сомду түзөт.
Мелдеш 27-28-июнь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келе турган спортчулар катышат.
Ошондой эле жеңүүчүлөргө курлар тапшырылат.
Катышуучулар 66, 78, 90, +90 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.
