Кум үстүндөгү күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында кум үстүндөгү күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Мелдеш20-21-июнь күндөрү өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- Эркектер арасында: 70, 80, 90, +90 кг;
- Кыз-келиндер арасында: 60, 70, +70 кг;
- Жаштар арасында (U-20): 60, 70, 80, +80 кг;
- Кыздар арасында (U-20): 50, 60, +60 кг;
- Өспүрүмдөр арасында (U-17): 50, 60, 70, +70 кг;
- Кыздар арасында: 40, 50, +59 кг.
Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөру боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
