
Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Бишкекте 25-27-ноябрь күндөрү оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдештер “Газпром” спорт комплексинде өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчулөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана оор атлетика федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
Спортчулар төмөнкү салмак категеорияларында катышат:
- Эркектер: 55, 61 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;
- Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.