Борбор калаада жиу-житсу боюнча Бишкектин чемпионаты жана биринчилиги болуп өттү
18 июнь

Борбор калаада жиу-житсу боюнча Бишкектин чемпионаты жана биринчилиги болуп өттү

Борбордо №29 мектептин базасында өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында жиу-житсу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты жана биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. 

Мелдешти уюштуруучулар — Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын джиу-джитсу федерациясы.

Бул турнир жыл сайын өткөрүлүп, шаардын эң күчтүү спортчуларын чогултат.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр менен байгелүү орундардын ээлери дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Салмактык категориялар боюнча жыйынтыктар:

Жаштар арасында 56 кг чейин:
1-орун — Иминов Иминжан;
2-орун — Жумакадров Темирлан;
3-орун — Розобаев Абдусалим.

Чоңдор арасында 69 кг чейин:
1-орун — Амангельдиев Адиль;
2-орун — Тажыбаев Раатбек;
3-орун — Эргешов Курманбек.

Чоңдор арасында 85 кг чейин:
1-орун — Магомедов Имран;
2-орун — Ким Сергей;
3-орун — Орунтаев Таалайбек.

14–15 жаштагы кыздар арасында 48 кг чейин:
1-орун — Терская Раяна;
2-орун — Трофимова Диана;
3-орун — Давузова Альбина.