Өзгөн жана Кара-Суу шаарларындагы стадиондордун курулушу уланууда 
18 июнь

Өзгөн жана Кара-Суу шаарларындагы стадиондордун курулушу уланууда 

Өзгөн жана Кара-Суу шаарларындагы стадиондордун курулушу уланууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык,  КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Эки стадиондо тең орун алган көчмө жыйынга жергиликтүү бийликтин, подряддык уюмдардын жана аймактык футбол ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындар алкагында курулушка тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды.

Белгилесек, эки стадион тең 2025-жылдын күз айларында колдонууга берилет.