Бишкекте жайкы спартакиаданын салтанаттуу ачылышы өттү
23 июль

Бишкекте жайкы спартакиаданын салтанаттуу ачылышы өттү

Бишкекте «Газпром — балдарга» спорт комплексинде 22-июлда 2011–2012-жылкы балдар үчүн жайкы спартакиаданын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, спартакиаданын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, спорттун жаштардын келечегин калыптандыруудагы, шаар турмушундагы биримдик менен ден соолуктун негизги фактору экендигин белгиледи.

Спартакиаданын максаты – жайкы эс алуу маалында балдар арасында дене тарбияны жана спортту жайылтуу, ошондой эле келечектүү жана таланттуу жаш спортчуларды аныктап, Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерине (ОРАБӨСМ) тартуу болуп эсептелет.

17-июлдан 28-июлга чейин өтүп жаткан спартакиада Бишкектин төрт районун тең камтып, футбол, пионербол, эстафета, ордо, аркан тартыш боюнча уюштурулду.