Ынчы Анжелика Кайратова Алыш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды
15 апрель

Ынчы Анжелика Кайратова Алыш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды

Ырчы Анжелика Кайратова Улуттук алыш федерациясынын вице-президенти жана эл аралык федерациянын амбассадору болуп дайындалганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, бул — чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Ал алдыда алыш күрөшүн өнүктүрүү, спортчу кыз-келиндерди колдоо жана бул спортту кеңири жайылтуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Ошондой эле ал келечекте жаңы максаттар жана ири жетишкендиктер күтүп турганын кошумчалады.