Кыргызстандык эки балбан кыз Азия чемпионатынын финалында
11 июль

Кыргызстандык эки балбан кыз Азия чемпионатынын финалында

Бүгүн, 11-июлда Бишкек шаарында күрөш боюнча 20 жашка чейинки кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын (U-20) акыркы күнү өтүп жатат. Финалдык бөлүккө Кыргызстандан жети балбан кыз чыкты, алардын ичинен экөө алтын медаль үчүн күч сынашат.

Гүлнур Таштанбекова (68 кг чейин) жана Кайыркуль Шаршебаева (72 кг чейин) финалга чыгып, Азия чемпиону наамы үчүн күрөшөт. Алардын атаандаштары – Кытайдан Венжин Кью жана Индиядан Харшита.

Мындан сырткары, төрт спортчу коло медаль үчүн таймашка чыгат:

  • Азиза Шумкарова (55 кг чейин) – Юна Саватани (Япония) менен;
  • Айдай Нурудинова (59 кг чейин) – Эрденеболор Лкхагвасурен (Монголия) менен;
  • Асель Жапарова (65 кг чейин) – Аяна Хишинума (Япония) менен;
  • Айжаркын Жаныбекова (76 кг чейин) – Сайхан Ао (Кытай) менен.

Тилекке каршы, төрт балбан кыз байге үчүн күрөшүн токтотту:

Дилназ Абдыкадырова (50 кг), Азиза Келдибекова (53 кг), Акылай Сатыбаева (57 кг) жана Манзура Жусуева (62 кг).