Бишкекте воркаут жана жалпы дене тарбиясы боюнча чемпионат өтөт
Адинай паркындагы воркаут аянтчасында 26-апрелде Бишкек шаарынын ачык воркаут жана жалпы дене тарбия (ЖДТ) боюнча чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Катышуучулар өз күчүн, чыдамкайлыгын жана креативдүүлүгүн эки багытта көрсөтө алышат:
— воркаут (фристайл) — ар бир катышуучуга өзүнүн стилин, күчүн жана оригиналдуу элементтерин көрсөтүүгө 1 мүнөт 30 секунд берилет.
— ЖДТ — 1 мүнөт ичинде мүмкүн болушунча көп жолу турникке тартылуу.
Катышуучулар үчүн каттоо ошол эле жерде саат 11:30дан башталат. Катышуу акысыз жана бардык каалоочулар үчүн ачык — даярдык деңгээли маанилүү эмес!
Бул өзүн сынап көрүүгө, турник аянтчасында чеберчиликти көрсөтүүгө, спорттук атмосферадан кубат алууга жана катышуучуларды колдоого эң сонун мүмкүнчүлүк.
Дата жана убакыт: 26-апрель, каттоо башталышы — саат 11:30.
Өткөрүлүүчү жер: Адинай паркы, воркаут аянтчасы.
