Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды
21 апрель

Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды

Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Байгазы Кенжебаев 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен директорунун орун басары, 2012-2013-жылы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү улуттук курама команданын улук машыктыруучу кызматын аркалаган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана меценат.

Эске салсак, буга чейин Бөкөнбай Казаков федерациянын президенти болуп эмгектенген.