Ошто машыктыруучулардын «D» сертификаты боюнча окутуу жыйынтыкталды
Ош шаарында Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулган «D» даражасындагы машыктыруучулук курсу ийгиликтүү аяктады.
Курстун башкы инструкторлук милдетин КФБнын Инструктору жана «Алай» футбол клубунун Техникалык директору Татанов Айбек аткарды. Окууга жалпы 26 катышуучу катышып, алар футболдогу машыктыруучулук ишмердүүлүктүн негизги аспектилерин, анын ичинде машыгууларды өткөрүү методикасын, жаш футболчулар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн жана машыктыруу процессин уюштурууну үйрөнүштү.
Үч күндүк окутуу теоретикалык жана практикалык сабактарды камтып, катышуучулар заманбап футболдук билимдерди талкуулашты. Окуу аяктагандан кийин, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
