Жеңил атлетчи Отто Эдуардович Барч дүйнөдөн кайтты
23 октябрь

Жеңил атлетчи Отто Эдуардович Барч дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, 23-октябрда 79 жашында белгилүү спортчу, жеңил атлетчи СССРдин үч жолку чемпиону Отто Эдуардович Барч дүйнөдөн кайтты.

Россиялык немистердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Отто Барч Кыргыз ССРин эл аралык спорт аренасында татыктуу деңгээлде көрсөтүп, советтик жеңил атлетиканын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал устаты Николай Жиловдун тарбиясында өсүп, чоң спортто жогорку жыйынтыктарга жетишкен.

Отто Барч – СССРдин үч жолку чемпиону (1973 – 50 км, 1975 – 20 км, 1978 – 50 км) болгон. Ал 1968-жылы Мехикодо өткөн Олимпиадада 20 км аралыкта 6-орунду, 1972-жылы Мюнхенде 50 км боюнча 4-орунду, 20 км боюнча 6-орунду, ал эми 1976-жылы Монреалда 20 км боюнча 13-орунду алган.

1973-жылы Отто Барч дүйнөлүк кубоктун күмүш байгесинин ээси, ал эми 1974-жылы Европа чемпионатында 50 км аралыкта күмүш медалга татыган.

СССР тарагандан кийин Германияга көчүп, ошол жакта жашоосун уланткан. Ошентсе да, ал Кыргызстандагы спорт коомчулугу менен байланышын үзгөн эмес.

1974-жылы режиссёр Карел Абдыкулов Отто Барч тууралуу 10 мүнөттүк даректүү фильм тарткан. Аталган фильм Минск жана Оберхаузен шаарларында өткөн фестивалдардын лауреаты болгон.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Отто Эдуардович Барчтын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу көңүл айтат.

Өзүнүн эмгеги жана жетишкендиктери менен кыргыз спортунун тарыхында терең из калтырган Отто Барчтын жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталат.