Уланбек Ногаев КПФЛ президенти кызматынан кетти
Уланбек Ногаев Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын (КПФЛ) президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу КПФЛдан билдиришти.
Маалыматта анын жетекчилиги астында КПФЛ өлкөдөгү профессионалдык клубдук футболду өнүктүрүүдө олуттуу жетишкендиктерге жеткендиги айтылат.
«Анын аракеттеринин аркасында Лига мелдештерди уюштуруудагы деңгээлин жогорулатып, футболдук клубдардын инфраструктурасын бекемдеп, жаштар арасында спорттун популярдуулугун арттырды. Анын жетекчилиги менен КПФЛ жаңы таланттардын өсүшүнө шарт түзүп, футболдук коомчулуктун ишенимине ээ болду», — деп айтылат билдирүүдө.
