Кыргызстандык самбочулар III КМШ оюндарында төрт медаль жеңди
30 сентябрь

Кыргызстандык самбочулар III КМШ оюндарында төрт медаль жеңди

Азербайжандын Гөйгөл шаарындагы олимпиадалык спорт комплексинде III КМШ оюндарынын алкагында самбо боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Аталган мелдеште Кыргызстандын төрт спортчусу байгелүү орундарды алды.

  • Ильяс Абжалиев (71 кг) – күмүш медаль;
  • Марал Байбосунов (79 кг) – күмүш медаль;
  • Эльдар Аскарбеков (53 кг) – коло медаль;
  • Илья Сухинин (98+ кг) – коло медаль.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат.