Жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү - жеңүүчүлөр
3 декабрь

Жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү - жеңүүчүлөр

Бишкекте 30-ноябрда жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү, деп кабарлайт Дене тарбия жана спорт департаменти. 

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Эркектер арасында:

  • 1-орун Улукбек Курсаналиев (Жалал-Абад);
  • 2-орун Эмирбек Машев (Талас);
  • 3-орун Мухаммед-Ислам Алманбет (Бишкек).

Кыз-келиндер арасында:

  • 1-орун Асель Шарбекова (Бишкек);
  • 2-орун Диана Канатбек кызы (Бишкек);
  • 3-орун Жибек Муратбекова (Чүй).