Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө чемпионатына катышат. Тизме
Болгариянын борбору София шаарында 27-августтан 30-августка чейин кадеттер (U17) арасында дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты (“World Championships Cadets 2025”) өтөт.
Аталган дүйнө чемпионатына Кыргызстандын балдар жана кыздар курама командасы катышат.
Кыргызстандын U17 улуттук курама командасын башкы машыктыруучу Алибек Чороев жетектейт.
Чемпионатка катыша турган спортчулардын тизмеси жана алардын таймаш күндөрү төмөнкүдөй:
27-август
- Марселбек Бердибеков – 50 кг;
- Марсель Түмөнбаев – 55 кг;
- Анастасия Степанова – 40 кг;
- Мунира Манасбекова – 44 кг.
28-август
- Умар Таштанбеков – 60 кг;
- Арсен Болотбеков – 66 кг;
- Нарматбек Абдраимов – 66 кг;
- Ясэмин Талгартбекова – 48 кг;
- Софья Мазур – 48 кг;
- Милена Боруболотова – 52 кг;
- Самира Джарова – 52 кг.
29-август
- Егор Криволапов – 73 кг;
- Нурадиль Иманалыев – 81 кг;
- Александр Симонов – 81 кг;
- Айдай Какитаева – 57 кг;
- Аиша Кыялбекова – 57 кг.
30-август
- Алихан Салиев – 90 кг;
- Бексултан Айтматов – 90 кг;
- Азима Конокбаева – 70 кг;
- Акмаржан Турдажиева +70 кг.
Белгилей кетсек, кадеттер (U17) арасында дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына 71 мамлекеттен, жалпы 551 (294 бала жана 257 кыз) спортчу катышат.
