Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык турнирде 7 медаль жеңди
12 январь

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык турнирде 7 медаль жеңди

Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yasar Dogu”-2026 турнири жыйынтыкталды, деп билдирет Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги. 

Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңип алды: 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло.

Турнирдин жеңүүчүлөрү болуп 65 кг салмак категориясында Билол Шарип уулу жана 70 кг салмак категориясында Залкарбек Табалдиев аталды.

Күмүш медалга Осконбай Абдисаматов (65 кг) жана Малик Шаваев (86 кг) ээ болду.

Ал эми коло медаль ээлери - Баяман Керимбеков (57 кг), Рустамжан Кахаров (70 кг) жана Адилет Маратбаев (79 кг).

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Жыл сайын өтүүчү Яшар Догу, Вехби Эмре жана Хамит Каплан атындагы эл аралык күрөш турнири (Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan International Wrestling Tournament) Анталия шаарында (Түркия) 8-11-январь күндөрү өттү.