Бишкекте өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн спорттук машыгуулар уюштурулууда
Бишкек мэриясы
16 июль

Бишкекте өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн спорттук машыгуулар уюштурулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жай мезгилинде майыптыгы бар балдар үчүн спорттук машыгууларды уюштурууда.

Машыгуулар ОРАБӨСОМ жана «Дельфин» ОРАБӨМдүн базасында жумасына эки жолу — шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 12:00дөн 13:00гө чейин өткөрүлөт.

Программага кыймылдуу оюндар, топ менен көнүгүүлөр жана бассейндеги оюндар кирет. Спорт инструкторлордун жетекчилигинде балдар жалпы жана ири моториканы, кыймылдардын координациясын өнүктүрүүгө, дене активдүүлүгүн жогорулатууга жана ден соолукту чыңдоого багытталган көнүгүүлөрдү аткарышат.

Спорттук машыгуулар жай мезгилинин ичинде өткөрүлүп, майыптыгы бар балдардын активдүү, пайдалуу жана жеткиликтүү эс алуусуна шарт түзүүгө багытталган.