Күрөш легендасы Жеңиш Дөңбаев дүйнө салды
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 октябрь

Күрөш легендасы Жеңиш Дөңбаев дүйнө салды

2026-жылдын 3-октябрында кыргыз эли, спорт коомчулугу оор жоготууга учурады.

Күрөш легендасы, эркин күрөш боюнча СССР спорт чебери, Кыргызстанга жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 81 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин акка моюн сунду.

Ал 1945-жылы 12-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. 1965-жылдан күрөшкө катыша баштап, союздук жана эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратып, 1972-жылга чейин күрөшүп, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан. 1969-72-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон.

Жеңиш Бекбоевич студенттик курагында республиканын бир нече жолку, Бүткүл союздук «Буревестник» спорт коомунун борбордук кеңеши менен СССР профсоюздарынын Х спартакиадасынын (1969) чемпиону болуп, алтын медаль тагынган. Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан.

Ал 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, бүт өмүрүн спортко арнап, 1970-1991-жылдары Республиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. 1991-1996-жылдары Республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу болсо, 1996-1999-жылдары башкы устат катары жетектеген. Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-жылдан 2009-жылга чейин күрөш жана бокс боюнча адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору болуп кызмат өтөп, жүздөгөн чемпиондорду тарбиялаган. 2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон. 2011-жылдан бери машыктыруучу болуп жигердүү иштеген. Өмүрүнүн акырында ооруп калганга чейин Бишкек шаарындагы Ленин райондук балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв “Илбирс” спорт мектебинде машыктыруучу болуп, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөткөн.

Даңазалуу устат Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап өстүргөн. Алардын катарында Кенжебек Өмүралиев, Чынарбек Изабеков, Нурбек Изабеков, Максат Бобурбеков, Нурдин Дөңбаев, Алмазбек Аскаров, Асейин Төрөгелдиев, Байгазы Кенжебаев, Руслан Мажинов, Болот Өмүракунов, Ислам Тазабеков жана башка жүздөгөн чемпиондор, спорт чеберлери бар. Шакирти, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Кенжебек Өмүралиев СССРдин 6, Европанын 4, СССР Элдеринин спартакиадасынын, КРнын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери болгон. 1991-жылы эгемендик алганы Кыргыз спортчулары үчүн эл аралык мелдештерге катышканга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылып, Жеңиш Бекбоевич даярдаган шакирттери өлкөбүздү дүйнөгө, Азияга таанытты.

Жеңишбек Бекбоевич 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.2001 -жылы "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган. Бир нече жолу “жылдын мыкты машыктыруучусу” деп аталган.

Жеңиш Дөңбаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты 6-октябрда Жаштык Аренасында өткөрүлуп, сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюулат.