Дүйнө чемпионаты – 2025: Кыргызстандын атынан төрт балбан грек-рим күрөшүндө күч сынашат
18 сентябрь

Дүйнө чемпионаты – 2025: Кыргызстандын атынан төрт балбан грек-рим күрөшүндө күч сынашат

Бүгүн Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча балбандар таймашка чыгат.

Чемпионаттын алтынчы күнүндө 55 кг, 77 кг, 82 кг жана 130 кг салмак категорияларында беттештер өтөт.

Кыргызстандын төмөнкү спортчулар күрөшөт:

  • 55 кг – Улан Муратбек уулу баштапкы таймашта ирандык Паям Балутаки менен күч сынашат;
  • 77 кг – Ырыскелди Максатбек уулу 1/16 финалдык баскычта мексикалык Эммануэль Кастро менен беттешет;
  • 82 кг – Бекзат Орункул уулу 1/16 финалда филиппиндик Габриэль Динеттке каршы күрөшөт;
  • 130 кг – Нурманбет Раймалы уулу дагы 1/16 финалда венгриялык Дариус Витек менен таймашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Чемпионаттагы таймаштар УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт.